Ырчы, аткаруучу Рустам Сагыналиев боорун алмаштырууга муктаж
RU

Ырчы, аткаруучу Рустам Сагыналиев боорун алмаштырууга муктаж

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маданияттын мыкты кызматкери, ырчы, аткаруучу Рустам Сагыналиев тез арада боорун алмаштырууга муктаж. Бул туурасында ырчынын досу, кесиптеши Чыңгыз Мырзаев тарабынан белгилүү болду.

Айтымында, Рустам Сагыналиев учурда Индияда.

"Бир күн мурда анализи чыкты, бирок биз күткөндөй болбой калды. Тез арада Индияда операция жасатууга аргасыз болуп жатат. Жардам сураганга аргасыз болуп атайын эсептерди ачтык. Андан тышкары өнөр адамдары чогулуп өзү иштеген филармонияда 9-февралда кайрымдуулук концертин уюштуруп жатабыз", - деди ал.

  • МБанк жана ЭЛСОМ: 0554121255 (Чыңгыз Мырзаев)
  • Оптима банк: 4169 5853 4035 8968 (Аманбек Каныбеков)

Кайрымдуулук концертти: "Эл шайырлары" "Эл ырчысы Эстебес" топтору, "Манас" театры жана жоон топ эстрада ырчылары коштойт.

Билет баасы: 1000 сом.

Сурап билүү телефотелефондору: 0551202920, 0703202920 (Нурэл).

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10043