Ала-Букада 5 адам алтын казууга аракет кылганда кармалып калды
RU

Ала-Букада 5 адам алтын казууга аракет кылганда кармалып калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ала-Бука районунда 5 адам түн ичинде алтын казууга аракет кылган. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, уурулукка шектелгендер кармалды.

Милицияга 20-январга караган түнү болжол менен саат 04:05 чамасында кен казуучу ишкананын кире беришинен Чаткал районунун тургундары кармалгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Мындан сырткары кен казуучу фирманын мыйзамдуу өкүлү А.Т. арыз менен кайрылып, кармалгандарга мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар 37-берене (Кылмыш жасоого аракеттенүү) жана 205-берене (Уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Чаткал районунун тургундары 1978-жылы туулган О.Р., 1990-жылы туулган К.Т. жана Т.Э., 1991-жылы туулган К.С., 1996-жылы туулган С.Г. убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ала-Бука райондук сотунун чечими менен баары үй камагына чыгарылды. Тергөө иштери улантылып жатканы кабарланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10056