Лейлекте Тажикстандын кол салуусунан талкаланган эки мектеп пайдаланууга берилди
RU

Лейлекте Тажикстандын кол салуусунан талкаланган эки мектеп пайдаланууга берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022-жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан улам талкаланган Лейлек районунун Максат жана Арка айылдарындагы орто мектептери толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, окуучулар 23-январдан тарта кадимки шартта билим ала башташты.

Максат айылындагы орто мектептин оңдоо иштерине 3 млн 279 миң 760 сом, Хамза атындагы орто мектепти оңдоого 1 млн 576 миң 82 сом жумшалды.

Ведомстводон оңдоп-түзөө иштери 2022-жылдын 12-декабрында башталгандыгын кошумчалашты.

2022-жылдын сентябрь айындагы куралдуу кагылыш тууралуу:

  • 14-сентябрда саат 08:00дө тажик тарап Ворух анклавынын түштүк бөлүгүндө ок атуучу куралдарды жана миномётторду колдонуу менен куралдуу агрессия жасаган. Анын кесепетинен Баткен районунун Самаркандек айылы жабыркады.
  • 15-сентябрда чек арада чыңалуу уланып, бирок абал салыштырмалуу туруктуу болгон.
  • 16-сентябрда Кыргызстандын чек ара кызматы Тажикстан тараптан жаңы кол салуулар болгонун билдирген.
  • 17-сентябрда Тажикстан кыргыз аймактарын аткылоосун уланткан.
  • 18-сентябрда кырдаал курчуган. Жалпысынан 136 770 жаран эвакуацияланган. Куралдуу кол салуудан 63 кыргыз жараны набыт болду – 50 аскер кызматкери жана 13 жай тургун. 206 адам, анын ичинде 13 бала жабыркаган.
  • 19-сентябрь улуттук Аза күтүү күнү деп жарыяланган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10064