Президенттин маалымат кызматынан Акылбек Жапаровго айтылган сын-пикирлер боюнча үн катты
RU

Президенттин маалымат кызматынан Акылбек Жапаровго айтылган сын-пикирлер боюнча үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнү башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду каралоо жүрүп жатканын айтып, билдирүү жасады.

Айтымында, Акылбек Жапаровду негизсиз жана максаттуу каралоо жүрүп жатат.

"Сын-пикирлер эч кандай фактылар менен бекемделбей, куру доомат, көпчүлүк учурда адамдын аброюна, сырткы келбетине чейин асылуу менен коштолуп жатканын чоң өкүнүч менен белгилейбиз.

Акылбек Жапаров мамлекеттик кызматтардын бардык тепкичтерин ырааттуу басып өтүп, такшалган мамлекетчил жетекчи экени белгилүү. Күчтүү кризис-менеджер катары өлкө жетекчилигине, Министрлер кабинетине алгылыктуу сунуштарды иштеп чыгып берүү менен анын аркасында мамлекеттин бюджети, ошого жараша бир катар тармактарда эмгек акылары, социалдык төлөмдөр жогорулатылганына салымы бар экени маалым.

Ал президент Садыр Жапаровдун командасында өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде иш алып барууда.

Мамлекеттик кызматтагылар адекваттуу сын-пикирлерди жана сунуштарды кабыл алууга ар дайым даяр. Андыктан, социалдык тармактардын колдонуучуларын инсандын турпатына, жекелигине асылуудан алыс болууга чакырабыз", - деди жазды ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10067