Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстан үлгүлүү ишкана түзүүнү пландап жатканын айтты
RU

Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстан үлгүлүү ишкана түзүүнү пландап жатканын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кыргызстан - Өзбекстан" бизнес-форумун ачты. Ал Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарына өзгөчө маани берерин жана бул сапарды тарыхый сапар деп баалай турганын белгиледи.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, бизнести өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында өлкөдө өндүрүштүк-индустриалдык зоналарды, жогорку технологиялар паркын жана эркин экономикалык аймактарды колдоо инструменттери ырааттуу түрдө кеңейтилүүдө.

Учурда өлкөдө өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат, анын 22си - биргелешкен ишканалар, 38и өзбек капиталынын толук катышуусу менен иш алып барууда.

"Биз ата мекендик экономиканы өнүктүрүүдө Өзбекстандан инвестицияларды, технологияларды жана компанияларды башкарууну тартууга кызыкдарбыз. Бизде өзбек бизнесине сунуш кыла турган нерсебиз бар. Өлкөбүзгө болгон ишенимди бекемдөө, ачык-айкын ишкерлик жана инвестициялык климатты түзүү аркылуу инвесторлорду тартууга багытталган чечкиндүү чараларды көрүп жатабыз. Улуттук деңгээлдеги объектилерге ири көлөмдөгү инвестициялар үчүн колдоо чаралары жана коопсуздук кепилдиктери күчөтүлгөн "стратегиялык инвестор" өзгөчө статусун түзүү пландаштырылууда", - деди Акылбек Жапаров.

Өткөн жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча эки мамлекет ортосундагы товар жүгүртүү 543,2 млн долларды түзүп, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21 пайызга өскөн.

Акылбек Жапаров белгилегендей, мамлекеттик сапар алкагында Кыргыз Республикасында автомобиль жана коммерциялык техниканы өндүрүүнү уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу пландаштырылууда.

"Бул биргелешкен ишкана үлгүлүү ишкана болуп, өз тармагында чоң ийгиликтерге жетишет деп ишенем", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10081