Боом капчыгайында жүк ташуучу унаа тосмону сүзүп, бир адам көз жумду
RU

Боом капчыгайында жүк ташуучу унаа тосмону сүзүп, бир адам көз жумду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Боом капчыгайында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 126-чакырымында "Хово" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа бетон тосмону сүзгөн.

Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, жол кырсыгы бүгүн, 26-январда саат 12:00дөр чамасында катталган.

Маалыматта айтылгандай, 36 жаштагы К.Т. аттуу айдоочу уктап кеткен, кырсыктан 37 жаштагы жүргүнчү көз жумган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10084