Садыр Жапаров: Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз
RU

Садыр Жапаров: Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 27-январда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо процесси аяктап жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында билдирди.

"Бүгүн биз кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз.

Бул чынында эле тарыхый окуя.

Биз чек ара маселелери боюнча диалогго жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө даяр экенибизди көрсөттүк.

Чек ара маселелерине чекит коюу менен биз келечек муундарыбыздын туруктуу, ишенимдүү өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү үчүн бекем пайдубалды түптөйбүз деп ишенем.

Урматтуу Шавкат Миромонович, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча маанилүү маселелерди чечүүдө сиздин баа жеткис ролуңузду белгилегим келет.

Өзгөчө көңүл бура турган нерсе - ушул мамлекеттик визиттин алкагында келишимди ратификациялоо грамоталарын алмашуу менен бул маанилүү окуя бекемделет" - деди президент.

Садыр Жапаров быйыл 16-февралда эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгы белгилене турганын кошумчалады. Ошондой эле өлкө башчы буларга токтолду:

  • Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюу менен өз ара мамилелерибизди кызматташтыктын болуп көрбөгөндөй деңгээлине чыгарабыз.
  • Буга чейин жетишилген макулдашуулардын алкагында бүгүн биргелешкен ири инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүүнү караштырган эки тараптуу документтерге кол коюлат.
  • Пландаштырылган долбоорлор жакынкы аралыкта толугу менен ишке ашат деп ишенем.
  • Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун алкагында Жалал-Абад облусунда пахтаны кайра иштетүү, текстиль өндүрүшүн, соода-логистикалык борборлорду түзүү, анын ичинде Кызыл-Кыя шаарында, ошондой эле бир катар чакан ГЭСтерди куруу боюнча биргелешкен ишкананы каржылоонун маанилүүлүгүн белгилегим келет.
  • Биргелешкен долбоорлор биздин өлкөлөрдүн чек арага жакын аймактарынын калкынын жана өнөр жайынын керектөөлөрүн камсыздайт, ошону менен бирге логистикалык чынжырды өнүктүрүү жана башка тармактардын өнүгүү потенциалын ачуу менен эки тараптуу кызматташууга жаңы дем берет, деп ишенем.
  • Кыргызстан эл аралык маанидеги автомобиль жолдорун жакшыртуунун үстүндө иштеп жатат. Күн тартибинде өлкөнүн ичиндеги темир жолдорду реконструкциялоо жана трансконтиненталдык магистралдарга жеткирүү маселеси турат.
  • Муну айтуу менен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун биргелешип куруу боюнча биздин пландарыбыздын актуалдуулугун белгилегим келет.
  • Аймакта чек ара ортолук туризми популярдуу болуп жатканын да белгилей кетүү керек. Бул чет элдик туристтерге нукура жашоо образына сүңгүп, биздин өлкөлөрдүн калкынын маданиятын, улуттук табитин жана салттарын туюп-билүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берүүнүн эң мыкты жолу.
  • Эс алуу зоналарын куруп (Ысык-Көл, Жалал-Абад), ошондой эле кышкы (Чуңкурчак, Каракол) жана руханий туризмди (Самарканд, Бухара, Хива) өнүктүрүү жаатында биргелешкен туристтик продукцияларды жасоону сунуштайм.
  • Кыргыз тарап жаңы туристтик маршруттардын келечегин изилдөө үчүн биргелешкен экспедицияларды уюштуруу, бирдиктүү виза алуу, заманбап Улуу Жибек Жолунун боюнда биргелешкен туристтик продукцияларды жаратуу, геопарктарды түзүү сыяктуу биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жаатында кызматташууну өнүктүрүү - маанилүү деп эсептейт.
  • Учурдан пайдаланып Кыргызстандын Баткен облусунда эки орто мектептин курулушу аяктагандыгына байланыштуу сизге ыраазычылык билдирем. Мектептердин курулушу - биздин элдерибиздин достугунун жана ынак кошуналыктын ачык-айкын далили.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10098