Гүлшайыр Садыбакасова филармониядан кетүү арызын жазды
RU

Гүлшайыр Садыбакасова филармониядан кетүү арызын жазды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын жетекчиси кызматынан кетүү арызын жазды. Бул туурасында өзү менен байланышканыбызда маалым болду.

"Арызымды жазып келдим. Эс алайын деп чечтим", - деди ал.

Ал эми социалдык тармактагы баракчасына Гүлшайыр Садыбакасова бир адамдын айынан "жеп койду" деп күнөөлөшкөнүн, каралоого туш болгонун, ал эми душмандары кокустан пайда болгон кырдаалды, кубануу, сүйүнүү менен пайдаланышканын жазды.

Эске салсак, 2022-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы маданият тармагындагы кадр маселесин, анын ичинде Ош облустук филармониясы тууралуу кеп козгогон. Ал филармониянын имаратында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөнүн, имарат жараксыз абалда турганын айткан. Андан кийин Гүлшайыр Садыбакасова куру доомат койгону үчүн депутаттан кечирим суроосун талап кылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10110