Наристесин сабаган аялга иш козголду. Милиция окуянын чоо-жайын айтты
RU

Наристесин сабаган аялга иш козголду. Милиция окуянын чоо-жайын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин интернет желесине кичинекей баланы сабап, видеого тарткан аялдын видеосу тараган. Аталган окуя боюнча кол көтөргөн аялга карата кылмыш иши козголгонун Баткен ОИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Такталгандай, 27-январда Кадамжай районунун 1984-жылы туулган А.Б. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал жарандык никедеги аялы 2021-жылы туулган А.Х. аттуу кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Аталган маалымат Кадамжай РИИБдин каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, текшерүү башталган.

Ага ылайык, А.Б. Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын тургуну Ш.М. менен жарандык никеде жашап жүрүп, 2021-жылдын 13-мартында А.Х. аттуу кыздуу болушкан. 2023-жылдын январь айынын башында экөө өз ара келише албай чогу жашабай калышкан. Ошол себептүү Ш.М. 5-январда наристесин уруп, уюлдук телефонуна тартып жолдошуна WhatsApp аркылуу жибергендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча кызга карата соттук-медициналык жана соттук-психолого-психиатриялык экспертизалар дайындалган.

Окуя боюнча 138-берененин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Тергөөнүн жүрүшүндө кошумча маалыматтар берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10118