Талас районуна киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды
RU

Талас районуна киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас районуна киргизилген өзгөчө кырдаал режими бүгүн, 30-январда алынды. Суу каптоо коркунучу жоюлганына байланыштуу жарандык коргонуу комиссиясы киргизилген чектөөнү алды дешет ӨКМдан.

Белгиленгендей, Айдаралиев айыл аймагынан аккан Каракол суусу тоңуп, жалпысынан 50 турак жайдын короо-сарайын суу каптоо коркунучун жараткан. Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн Көпүрө-Базар айылындагы суунун нугун тазалоонун жалпы узундугу 2500 метрди түзүп, суу каптоо коркунучу толугу менен жоюлду.

Ал эми тазалоо иштерин аткарууга Талас райондук Өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн 4 куткаруучусу, Токой чарба кызматынан 2 кызматкер, айыл өкмөтүнөн 5 кызматкер ЖЧК "Альянс Алтын" жоопкерчилиги чектелген ишканасынан 1 экскаватор тартылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10121