Президент эттин баасын кармап туруу үчүн 500 млн сом бөлүнгөнүн айтты
RU

Президент эттин баасын кармап туруу үчүн 500 млн сом бөлүнгөнүн айтты

Все самое интересное в Telegram

Өлкөдө баалардын өсүшүн кармап туруу боюнча мамлекет тарабынан чаралар көрүлүп, анын ичинде эттин баасын турукташтыруу үчүн миллиондого акча бөлүндү. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго курган маегинде билдирди.

Президент социалдык мааниге ээ тогуз азык-түлүктүн алтоо учурда өлкө ичинде өндүрүлүп, калган үч товар импорттолуп жатканын айтты.

"Эттин баасын кармап турууга 500 млн сом бөлүп бергенбиз, уйларды сатып келип, союп, арзан баада сатуу үчүн. Бишкек, Ош, Манас шаарларынын мэрияларына жана облустук борборлордун администрацияларына эттин чекене баасын килограммына 650–700 сомдун чегинде кармап туруу тапшырмасы берилген. Кол куушуруп отурган жокпуз, аракет кылып жатабыз. Айла жок болгондо эле отуруп калып жатабыз", - деди мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров мындан ары да баалардын өсүшүнө каршы аракеттер боло тургандыгын кошумчалады.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18543