Кыргызстан BARS улуттук бренди менен электромобилдерди чыгара баштайт
Кыргызстанда жакынкы айларда BARS улуттук бренди менен электромобилдер чыгарыла баштайт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги кабарлады.
Маалым болгондой, учурда долбоор 75%га даяр. Ишкананы 2026-жылдын III кварталында ишке киргизүү пландалууда.
Завод жылына 10 000ге чейин унаа чыгара алат. Долбоор үчүн 15 гектар жер бөлүнүп, 100 жумуш орду түзүлөт.
Электр унаалары өлкө ичинде сатылып, ошондой эле Борбордук Азия жана Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө экспорттолот дешет министрликтен.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18521