Түндүк Кипрде бычакталган кыргызстандык кыздын абалы оор бойдон калууда
Түндүк Кипрде бычакталган кыргызстандык кыздын абалы туруктуу оор бойдон калууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Жооптуу дарыгердин маалыматына ылайык, Ж.А. мезгил-мезгили менен эсине келип, медициналык адистердин көзөмөлүндө дарылануусун улантууда. Анын жанында жакын тууганы бар, зарыл болгон колдоо көрсөтүп, дарылануу мезгилинде коштоп жатканы белгилүү болду.
Элчилик жабырлануучунун жакындары, медициналык адистер жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен туруктуу байланышта.
Министрликтен кол салган адам эсине келгендиги, учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, ага карата бөгөт коюу чарасын тандоо маселеси чечилип жатканын кошумчалашты.
Белгилесек, кол салуу 3-августта саат 11:45 чамасында Metropol маркетинде болгон. Жергиликтүү полициянын маалыматы боюнча, эркек киши аялга бычак менен кол салып, андан кийин өзүн сайып салган.
Бул окуяны министрлик менен элчилик өзгөчө көзөмөлдө кармоону улантууда.

