"Манас" аэропорту 31-августта жана 1-сентябрда каттамдарга чектөө киргизет
"Манас" аэропорту 31-августта жана 1-сентябрда ички жана тышкы аба каттамдарды чектейт.
Бул ШКУнун саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине байланыштуу деп билдирет "Кыргызстан аэропортторунан".
Авиакаттамдарга киргизилген чектөөлөр:
- 31-август - саат 9:00дөн 20:00гө чейин
- 1-сентябрь - саат 10:00дөн 22:00гө чейин
Бул убакытта аэропорт мамлекет башчыларды жана расмий делегацияларды кабыл алат жана тейлейт. Жүргүнчүлөрдү ташуу каттамдары бул мезгилдерден тышкары дагы улантылат.
"Авиакомпанияларга зарыл болгон учурда айрым каттамдардын убактысын өзгөртүү же жокко чыгаруу сунушталды", - дешти аэропорттон.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18545