Ноокенде окуучу кыздар жакындарына таарынып, Бишкекке кетип калышкан
RU

Ноокенде окуучу кыздар жакындарына таарынып, Бишкекке кетип калышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ноокенде дайынсыз болуп жаткан окуучу кыздар Бишкектен табылды. Бул туурасында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалымдалгандай, кыздар үйүнөн 24-январда саат 12:45 чамасында чыгып кетишкен. Алар 6-класста (2010-жылы туулган) чогу окушат. Ошол күнү мектепке барабыз деп үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Окуя Ноокен милициясы тарабынан каттоого алынып, кыздарды издөө иштери башталган.

Жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында дайынсыз болуп жаткан кыздар Бишкек шаарынан табылды. Алар үйдөн кетүүсүнө жакындарына болгон таарыныч себеп болгонун айтышкан. Кыздар Ноокен районуна жеткирилип, ата-энесине өткөрүлдү.

Дайынсыз болуп жаткан кыздарды Бишкекке алып кеткен айдоочу Ноокен РИИБине чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Бул окуяга байланыштуу милиция айдоочуларга жашы жете элек өспүрүмдөрдү чоң адамдардын коштоосу жок алыскы аймактарга ташыбоого чакырат. Балдар, кыздардын себепсиз көчөдө жүргөнүн көрсөңүз жана кандайдыр бир күмөндүү ойлор жаралса жакынкы милиция бөлүмдөрүнө кайрылууну сунуштайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10140