Бишкектин бардык районуна адамдарды жүздөрүнөн тааный турган камералар орнотулат
2357
Бишкек шаарынын 4 районуна адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеокамералар орнотулат. Бул туурасында ИИМден билдиришти.
slide 3 of 2
Мындай камераларды колдонуунун башкы максаттарынын бири - шаардын тургундарынын, меймандарынын коопсуздугун сактоо жана коомдук жайларда тартиптин сакталышын толук көзөмөлгө алуу.
Азыркы учурда республика боюнча коомдук тартипти сактоо, укук бузууларды аныктоо жана ыкчам чараларды көрүү максатында коомдук жайларда 2 миң 177 видеокамера иштеп жатат. Анын ичинен 519 видеокамера адамдардын жүздөрүн аныктоо функциясына ээ. Былтыркы жылы видеокамералар аркылуу 3431 кылмыш жана окуялар аныкталган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/10147