Deutsche Welle: Ташкентте болгон иш сапар жана Сох анклавы кыргыз бийлигин уруштурду
RU

Deutsche Welle: Ташкентте болгон иш сапар жана Сох анклавы кыргыз бийлигин уруштурду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Deutsche Welle'нин орус басылмасы УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев менен президент Садыр Жапаров экөөнүн ортосунда, Ташкентке болгон иш сапарынан кийин пикир келишпестиктер келип чыкканын жазып чыкты.

Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан Сох анклавы 2020-жылдын октябрь айынан кийин Кыргызстандын бийлигине келген команданы уруштурду. УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун басма сөз кызматы жасаган билдирүүгө кескин формада жооп кайтарган.

Садыр Жапаровдун Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв менен жолугушуусунан кийин Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек Кыргызстан өзүнүн аймагы аркылуу Өзбекстандан Сохко чейин транспорттук байланышты ачып берүүгө даяр экендигин жана Сохтун тургундары чек ара аркылуу эркин өтө тургандыгын билдирди. Ал эми коңшу өлкө өз кезегинде алардын аймагында жайгашкан Унгар-Тоо жерин ачышат деп айтылган. Унгар-Тоо Сох анклавына окшоп эки өлкөнүн ортосундагы пикир келишпестиктерди жараткан аймак.

Мындай билдирүү чыккандан кийин УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Баткен облусунун тургундары менен жолугушуу учурунда Садыр Жапаров Өзбекстанда жүргөндө Сох анклавы тууралуу эч нерсе айткан эмес. Кеп КППни ачуу тууралуу гана болгон, деп ишендирди.

Чек арага тиешелүү расмий маалыматты анын ведомствосу - УКМК гана берүүгө акысы бар, деп айткан.

Атайын кызматтын жетекчиси жалган маалыматка ишенбей, провокацияга алдырбоого чакырды. "Ташиев өлкөнүн түштүгүндө абройлуу фигура, анын үстүнө анын карамагында күч структуралары бар. Эл алдына чыгып мынтип сөз сүйлөгөнү, Садыр Жапаровго, дегеле бардыгына бул мамлекеттин учурдагы кожоюну ким экенин көрсөтүп турат", - дейт Кризистик кырдаалдар изилдөө борборунун (CSRC) эксперти Наталья Харитонова.

Анын айтымында, бул "үч достун" ортосуна болгон пикир келишпестигинин коомчулукка алгачкы жолу маалым болушу.

Ташиев Жапаровдун көлөкөсүндө турган "серый кардинал" болууну каалабайт өңдөнөт. Жакында "үч дос" бири-бирине атаандаш болуп калышы мүмкүн.

Жапаров менен Мирзиеёв эмнелерди макулдашышкан

Ошондо Садыр Жапаров Ташкентке барганда Сох анклавы боюнча эмнелерди айткан? Күч структураларындагы маалымат булагы анонимдүүлүк шартта Кыргызстандын президенти үчүн Өзбекстан тарап абдан жакшы шарттарды түзгөн, алар бардык тармакта, анын ичинде медицина багытында бири-бири менен кызматташып, жардам бере тургандыгын макулдашышкан, деп Deutsche Welle'ге билдирген.

Буга жооп катары мейман Сох анклавына жол ачып берүүнү уюштурууга макул болгон. Мындай чечим Ташиев менен кеңешпей туруп кабыл алынган. Анткени ал Садыр Жапаров менен Ташкентке барган эмес.

"Садыр Жапаров түштүктүк эмес, ал Кыргызстандын түштүк жергесиндеги кландар менен байланышы жок. Ал эми Ташиев, эл арасында алардын кызыкчылыгын коргогон инсан болуп саналат. Ошондуктан Ташкенттин айтканына көнүү, утулуп калууга барабар. Андан тышкары Сох анклавына коридор ачылса, коммерцилык топторго, тагыраак атйканда, контрабанда менен алектенгендерге терс таасири тиет", - деп маалымат булагы билдирди.

Кыргыз бийлиги үчун үч сценарий: Ташиевди кантишет?

Маалымат булагы күч структураларында үч сценарий талкууланып жаткандыгын билдирди.

  • Биринчиси, президент рефрендумду өткөргөндөн кийин Ташиевди УКМКдан алып, Коопсуздук кеңешине жөнөтөт. Андан кийин өзүнө жаңы тарапташтарды табууга аракет кылат.
  • Экинчиси, экөө, Ташиевдин шарттарын эске алуу менен Сох анклавы боюнча кандайдыр бир компромисттик чечимге келишет. Бирок бул кадам Ташкентте жана ошол региондун башка борбор шаарларында учурдагы президенттин алсыздыгы катары кабыл алынат.
  • Үчүнчүсү, бул конфликтте Ташиев жеңип чыгып, президенттен жаңы преференцияларды алат.

"Биринчи, жана үчүнчү сценарийлер республикадагы жаңы саясий баш аламандыкка алып келет", - деп түшүндүрдү маалымат булагы. Ошол эле учурда, ал, тажрыйбалуу кыргыз саясатчылары Ташиевдин позициясын көбүрөөк колдоого алгандыгы байкалып тургандыгына көңүл бурду.

Ким күчтүрөөк: президент же УКМКнын жетекчиси?

Наталья Харитонованын айтымында, КППнин ачылышы, Садыр Жапаров "Сохту өзбектерге сатты" жана жөн гана мурунку коммуникацияларды кайра калыбына келтирүүгө уруксат берди, деген эки карама каршы тезисти элдештириши мүмкүн. Ошол эле учурда Сох анклавына транспорттук коридор ачылат деген маалыматтын президенттик сайттан алынышы, жана мамлекет башчысы ММКларга интервью берип бул маалыматты төгүндөшү көңул бурула турган кырдаал. "Президенттин басма сөз кызматы маалымат берүүдө туура эмес формулировка кылдыбы, же жокпу, бул республикадагы бийлик башында тургандардын ичинен УКМКнын жетекчисинин позицисы күчтүрөөк экенин айгинелеп турат", - деди CSRC'тин эксперти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1014