Жалал-Абадда 4 жаран "Хизбут-Тахрир" уюмунан баш тартышты
RU

Жалал-Абадда 4 жаран "Хизбут-Тахрир" уюмунан баш тартышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абаддун 4 тургуну "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунан баш тартышты. Бул туурасында облустук милициядан маалымдашты.

Кабарлангандай, Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 4 жаран "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунан баш тартышты. Алар буга чейинки жасаган кадамдары туура эмес экендиктерин айтышып, жаштарды бул жолго барбоого чакырышты.

2023-жылдын 1 айында диний экстремизмге каршы 78 профилактикалык иштер жүргүзүлдү.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын аймагында 21 экстремисттик жана террористик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10174