Баткен жана Согди облусунун башчылары жолугушту
3086
Лейлек районунун кыргыз-тажик чек арасында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Согди облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода жана эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, район акимдеринин катышуусунда жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга эки өлкөнүн Чек ара кызматынын жетекчилери да катышканын президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашат.
slide 3 of 2
- Чек ара аймактарында пайда болгон көйгөйлүү маселелерди сүйлөшүүлөр менен гана чечүү;
- 2023-жыл ичинде тынчтыкты сактоо багытында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү;
- Эки облуста тең чек арага жакын жашаган жашоочулардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жөнүндө сүйлөшүлдү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/10176