УКМК: Аксыда акушер-гинеколог пара менен кармалды
RU

УКМК: Аксыда акушер-гинеколог пара менен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аксы районунун жалпы дарыгердик практика борборунун акушер-дарыгери акча каражатын алып жатканда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалды. Коопсуздук комитеттен билдиришкендей, адис төрөткө келгендерден системалуу түрдө акча талап кылып жүргөн.

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына Д.С.М. аттуу жаран кайрылган. Ал Аксы райондук жалпы дарыгердик практика борборунун төрөт бөлүмүнүн акушер-гинекологу 1983-жылы туулган М.А.А. опузалап акча талап кылып жаткандыгына байланыштуу чара көрүүнү суранган.

Ыкчам тергөө иш-аракеттеринин негизинде Аксы райондук жалпы дарыгердик практика борборунун төрөт бөлүмүндө калыптанган паракорчулук жана опузалап акча талап кылуу фактылары аныкталды. 2-февралда М.А.А. өзүнүн иш бөлмөсүндө талап кылган акчаны алып жаткан учурда кармалды.

Бул факты боюнча 343-берененин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы опузалап пара талап кылуу жана башка мыйзам бузуу фактылары болсо кабар берүүнү эскертет. Байланыш номерлери: (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10177