Казакстан менен чектешкен аймактан жардыруучу зат, курал-жарак табылды
RU

Казакстан менен чектешкен аймактан жардыруучу зат, курал-жарак табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таласта курал-жарактар жана жардыруучу зат катылган жер аныкталды. УКМКнын маалыматына караганда, каражаттар Казакстан менен чектешкен аймактан табылды.

УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы жана чек ара кызматынын Талас облусу боюнча башкармалыгынын саперлору тарабынан 2-февралда Кара-Буура районунун Казакстан менен чектешкен тоолуу аймагынан жарылуучу зат жана номерлери өчүрүлгөн 12-калибрдеги жылмакай мылтык табылды.

Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10195