Салык кызматына түндө барчу белеңиз? 1-апрелге чейин декларация тапшырууга шашылыңыз
RU

Салык кызматына түндө барчу белеңиз? 1-апрелге чейин декларация тапшырууга шашылыңыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Салык кызматы 1-апрелге чейин Бирдиктүү салык декларацияны түн ортосуна чейин кабыл алат. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Тактап айтканда, декларациялар 2021-жылдын 1-апрелине чейин, дем алыш күндөрдү кошкондо, эртен менен саат 09.00дөн тартып түн ортосуна чейин кабыл алынат.

Декларацияны иш убактысында тапшырууга жетишпей калган салык төлөөчүлөр аны 18.00дөн кийин тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү бар.

Эске салсак, 1-апрелге чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер,
  • жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр,
  • менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлктүн, жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) ээлери,
  • юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги Мыйзамына ылайык, 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын тапшырууга жетишпеген жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номурунан же sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1019