Астанада кыргызстандык оюнчулардын катышуусундагы футболдук беттеште мушташ орун алды
RU

Астанада кыргызстандык оюнчулардын катышуусундагы футболдук беттеште мушташ орун алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын Астана шаарында өткөн футболдук турнирде жаңжал орун алды.

Маалымдалгандай, медиафутбол турниринде (кесипкөй эмес ышкыбоздордун футболдук турнири) Россиянын 2Drots командасы менен Кыргызстандын Top Team командасы беттешти.

Оюндун 67-мүнөтүндө эреже бузуудан кийин мушташ башталган. Анда Top Team командасынын оюнчусу 2Drots командасынын дарбазачысын эки муштуму менен бетке чаап, массалык мушташка айланган.

Жыйынтыгында Кыргызстандын командасына үч кызыл кагаз көрсөтүлүп, алар беттешти улантуудан баш тартышты. Турнирдин уюштуруучулары Кыргызстандын командасына 0:3 эсебинде техникалык жеңилүүнү жаздырып, ошондой эле команданы турнирден четтеткени кабарланды.

Orda.kz басылмасы полицияга шилтеме берүү менен бул факты боюнча коомдук тартипти бузгандар административдик жоопкерчиликке тартылганын жазды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10201