"Бай-Түшүм" банкынын төрагасы кызматтан кетти
RU

"Бай-Түшүм" банкынын төрагасы кызматтан кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Максатбек Ишенбаев "Бай-Түшүм" банкынын башкармалыгынын төрагалыгынан кетти. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жарыялады. Ал эми маалыматты Kaktus.media сайтына банктан тастыкташты.

Ишенбаев 5 жылдык мөөнөт аяктаганын жазып, эмгек жамаатка алкыш айтты.

Эске салсак, 23-мартта "Бай-Түшүм" банкынын акциялары Pettelaar Effectenbewaarbedrijf N.V. (Triple Jump B.V. өкүлү), Bamboo Financial Inclusion Fund S.C.A. SICAV-SIF, ошондой эле Multiconcept Fund Management Company S.A. (ResponsAbility Global Micro and SME Finance Fund тарабынан көрсөтүлгөн) каражаттарынын банктын капиталына катышуу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу сатылган. Акционерлердин банктын капиталына катышуу мөөнөтү фонддорду өнүктүрүү стратегиясында белгиленген.

27-мартта банктын ири пакети кайра сатылганы белгилүү болду. "Бай-Түшүм" банкынын 50,75% акциясы Жумабек Салымбековго сатылган. Калган акционерлердин түзүмү өзгөрүүсүз бойдон калды.

Банк өз ишин стандарттуу режимде улантат, деп белгилешти финансылык мекеме.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10203