Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды
RU

Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармалды. Коопсуздук комитеттин маалыматына ылайык, кармалган жаран Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү.

УКМКнын маалыматында 120 миң сом каражатты опузалап алып жаткан учурда А. Р. Б. кармалганы айтылат. Ал физикалык күч колдонуу менен Жалал-Абад шаарынын тургунунан "карыз милдеттенмеси" түрүндө 2 миллион 900 миң сом талап кылган дешет комитеттен.

Сот шектүүнү ушул жылдын 12-мартына чейин Жалал-Абаддагы УКМКнын СИЗОсуна камакка алуу чечимин чыгарды.

Тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10208