Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны өсүүдө
RU

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны өсүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркияда күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөөдөн акыркы маалыматтар боюнча каза болгондордун саны 912ге жеткени кабарланды. Дагы 5 385 адам жабыркаганын Anadolu Agence жазат.

Маалымдалгандай, жер титирөө 6-февралда саат 04:17де катталып, Газиантеп, Кахраманмарас, Невшехир, Хатай, Османийе, Адияман, Малатья, Шанлыурфа, Адана, Диярбакыр жана Килис шаарларында имараттар, көп кабаттуу үйлөр зыянга учурады.

Түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган бүгүнкү зилзала 1939-жылдагы Эрзинжан жер титирөөсүнөн берки Түркиянын тарыхындагы эң чоң кырсык болгонун айтты. Ал кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрүп жатканын, андан тышкары дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн жардам берүү сунуштары түшкөнүн белгиледи.

Ошондой эле Сириянын Түркия менен чектешкен аймагында да жер титирөө катталып ондогон адам кайтыш болгону кабарланды. Тагыраагы, 326 адам набыт болуп, миңдей жаран жабыркады. Каза болгондордун саны өсүшү ыктымал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10209