Чоң-Алайда карышкыр атууга чыккан жигитти кар көчкү басып калды
RU

Чоң-Алайда карышкыр атууга чыккан жигитти кар көчкү басып калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чоң-Алай районунда дайынсыз болуп жаткан жигиттин сөөгү кар көчкүнүн алдынан табылды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, 6-февралга караган түнү саат 00:30 чамасында Чоң-Алай РИИБдин нөөмөт бөлүгүнө кабар келип түшкөн. Анда аталган райондун 27 жаштагы Ж.А. аттуу тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы маалымдалган.

Издөө иш-чараларын жүргүзүүгө 22 милиция кызматкери, куткаруучулар жана жергиликтүү тургундардан 50гө жакын киши тартылып, саат 05:25 чамасында Ж.А`нын жансыз денеси көчкү түшкөн аймактан табылды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 5-февраль күнү саат 10:30 чамасында 27 жаштагы Ж.А. ок атуучу куралын алып, айылдагы беш мергенчи менен карышкыр атуу үчүн Кулчу айылынын тоолоруна чыгышкан. Ал жерден жолду кыскартуу максатында Ж.А. мергенчилерден бөлүнүп, башка жолго түшүп дайынсыз жоголгон. Мергенчилер анын артынан барган учурда маркумдун изи калган аймакка кар көчкү түшкөндүгү аныкталган.

Аталган маалымат Чоң-Алай РИИБдин маалыматык электрондук журналына катталып, текшерүү иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10213