Түркия менен Сириядагы жер титирөө. Кзаа болгондордун саны 4 миңден ашты
RU

Түркия менен Сириядагы жер титирөө. Кзаа болгондордун саны 4 миңден ашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиянын түштүгүндө катталган катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 7-февралга карата 3381ге жетти. Дагы 20 миңден ашык адам жабыркаганы кабарланды.

Ошондой эле Сирияда 1444 киши каза болсо, 3530 адам жаракат алды.

Буга чейин Түркиянын вице-президенти Фуат Октай урандылардын астынан жалпысынан 7840 адам аман-эсен чыгарылганын билдирген. 338 миң киши жатакана, университет жана баш калкалоочу жайларга жайгаштырылды.

Президент Режеп Тайып Эрдоган жаратылыш кырсыгынан каза болгондор үчүн Түркияда жети күндүк улуттук аза күтүү жарыялады.

Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар агенттигинин маалыматы боюнча, өлкөнүн түштүк-чыгышында бир суткада күчү 7 баллдан ашкан эки жер титирөө болгон (жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:17де – 7,7 балл жана 13:24 – 7,6 балл).

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10221