"Тазалыктын" жумушчулары эми 30 миң сомго чейин айлык алышат
RU

"Тазалыктын" жумушчулары эми 30 миң сомго чейин айлык алышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин айлыгы 100% жогорулады. Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдиргендей, жумушчулар эми 30 миң сомго чейин алышат.

"Мурда 12 миң сом алса, эми 22 миңден баштап жумуш көлөмүнө жараша 30 миң сомго чейин алышат. Бул тармакта көбүн эсе улгайган жарандарыбыз иштейт. Таң эрте көчө тазалап, ат көтөргүс эмгек кылышат", - деди ал.

Дайырбек Орунбеков шаар тургундарын тазалыкчылардын эмгегин сыйлоого, көрүнгөн жерге таштанды ыргытпоого чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10235