Ошто дайынсыз делинген аялдын сөөгү табылды
RU

Ошто дайынсыз делинген аялдын сөөгү табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында дайынсыз болуп жаткан аялдын сөөгү табылды. ӨКМдан кабарлашкандай, маркумдун жансыз денеси Увам каналынан аныкталды.

Такталгандай, 1964-жылы туулган А.Г. аттуу аял киши 2022-жылдын 13-декабрь күнү Петров көчөсүндөгү үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз жоголгон.

Анын сөөгү Увам каналынан куткаруучулар тарабынан табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10237