Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавируска каршы вакцинацияны баштай элек
RU

Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавируска каршы вакцинацияны баштай элек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тобокел тобуна киргендерди "Синофарм" (Sinopharm) препараты менен эмдеп баштай элек. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Kaktus.media'га министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда маселе каралып жатат жана акыркы даярдыктар көрүлүүдө.

"Вакцинация жакынкы күндөрү башталат. Учурда медкызматкерлер тренингдерден өтүп жатышат. Эмделе турган жарандардын тизмеси даяр", - деди ведомствонун жетекчисинин орун басары.

Тизмеге медкызматкерлер да киргенби, деген суроого "кеңири аллергиялык спектри барларга вакцинация жасалбайт", - деп белгиледи.

Үсөнбаевдин айтымында, вакцинация жасала турган пунктар да даяр.

Андан тышкары, министрлик "Спутник" вакцинасы үчүн чуркап жүргөнүн маалымдады.

Вакцина - бул дефицит товар. Апрель айында биринчи партия 15 миң доза келет. Андан кийин эмдөөдөн өткөн жарандардын саны 70%га жетмейинче улам аз-аздан келип отурат.

Эске салсак, өткөн жумада Кыргызстанга "Синофарм" препаратынын 150 миң вакцинасы келген. Бир адамга экиден доза каралган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1023