Жалал-Абадда баңгизат ташыганга шектелген аял кармалды
RU

Жалал-Абадда баңгизат ташыганга шектелген аял кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда баңгизат ташыганга шектелген аял кармалды. ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, шектүү "Чычкан" чек ара постунда кармалган.

Белгилүү болгондой, аталган посттон Honda Odyssey унаасы токтотулган. Унаада баңгизаттарды ташыган жүргүнчү болгон. Текшерүү учурунда кочкул жашыл түстөгү, өзгөчө жыты бар 51 даана баштык зат алынган. Жалпы салмагы 615 граммды түзгөн.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, бул зат гашиш экени такталды.

Кармалган жаран 1976-жылы туулган Токтогул районунун тургуну Ш.А. экендиги аныкталып, Ош шаарынын тергөө абагына киргизилди.

Учурда кылымшка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10247