Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Эртеңки күндүн аба ырайы
RU

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Эртеңки күндүн аба ырайы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 14-февралдан 17-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 58-113-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 2- чакырымдарында кар көчкү түшүүcү күтүлүп жатканын кабарлайт.

Чүй облусунда күтүлгөн аба ырайы

14-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

15-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

14-15-февралдарда жаан-чачын болбойт.

Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Талас облусунда күтүлгөн аба ырайы

14-февралда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

15-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Ош облусунда күтүлгөн аба ырайы

14-февралда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

15-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Жалал-Абад облусунда күтүлгөн аба ырайы

14-февралда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарга кар түшөт.

15-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Баткен облусунда күтүлгөн аба ырайы

14-февралда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

15-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

14-февралда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.

15-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

14-февралда айрым жерлерде кар жаайт.

15-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10270