Asia Mall соода борборунда чыккан өрт чектөөгө алынды
RU

Asia Mall соода борборунда чыккан өрт чектөөгө алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Asia Mall соода борборунун үстүнкү кабатында өрт чыкты. Анда чатырдан чыгып жаткан кара түтүндү окурмандар тартып алышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен өрт чыкканын тасктыкташты. Маалымат куткаруучуларга саат 17:04 чамасында түшкөн. Жерине 4 өрт өчүрүүчү унаа жана авто шаты чыгып, саат 17:28де өрт чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатканын айтышты.

Asia Mall соода борборунун жетекчилиги Kaktus.media сайтына өрт 3-кабаттагы тамактануучу жайлардын биринде чыкканын айтты. Ошондой эле өрт өчүрүүчүлөр убагында иш алып барышканын, адамдар эвакуацияланганын кошумчалашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10271