Новосибирскте көп кабаттуу үйдө газ жарылды. Жабыркаган 2 кыргызстандыктын абалы
RU

Новосибирскте көп кабаттуу үйдө газ жарылды. Жабыркаган 2 кыргызстандыктын абалы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Новосибирскте 5 кабаттуу турак үйдө газ жарылып, кырсыктан 2 кыргызстандык жабыркады. Маалыматты Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 1993-жылы туулган А.уулу Т. ууланган, анын абалы орточо оор деп бааланууда, ал Новосибирск шаарынын 34-шаардык ооруканасынын токсикология бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми 1978-жылы туулган А.А.К. аттуу аялдын омурткасы сынып, ага Новосибирск травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтуна операция жасалган.

Белгилесек, Новосибирск шаарында 9-февралда беш кабаттуу турак жайда газ жарылып, анын кесепетинен имарат жарым-жартылай кулап түшкөн. Жарылуунун негизги версиясы катары газ жабдууларын колдонуу эрежелерин бузуу деп атаган. Кырсыктан 13 адам каза болуп, 21 тургун жабыркаган. Буга байланыштуу бүгүн, 10-февралда аза күтүү күнү жарыяланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10274