Баткенде өспүрүм кыз 10 күндөн бери дайынсыз болууда. Жакындары жардам сурайт
RU

Баткенде өспүрүм кыз 10 күндөн бери дайынсыз болууда. Жакындары жардам сурайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде 14 жаштагы Аяна Жээнбаева жакындары тарабынан изделүүдө. Ал 30-январда үйүнөн чыгып кеткенин Баткен ОИИБден кабарлашты.

Маалым болгондой, жергиликтүү тургун Айназик Жээнбаева милицияга кайрылган. Ал 30-январда болжол менен саат 11:00 чамасында 2009-жылы туулган кызы үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келбегенин билдирип, издөөгө жардам суранган.

Дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдүн белгилери: ак жумал, арык чырай, кашы, көзү кара, чачтары күрөң, бою 145-150 см.

Эгерде сүрөттөгү кызды көрүп билгендер болсо, Баткен РИИБге кабарлап коюуну милиция кызматкерлери суранат.

Байланыш номерлери: (03622) 102, 5-17-56, 0774-77-86-88, 0552-00-22-74.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10278