Максымдан жасалган боорсок. Биздин ашпозчулар Эл аралык чемпионаттан биринчиликти алышты
RU

Максымдан жасалган боорсок. Биздин ашпозчулар Эл аралык чемпионаттан биринчиликти алышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ашпозчу Тахир Эргашев Kaktus.media'га анын командасы Санкт-Петербург шаарында өткөн Russia Open WFRS Эл аралык ресторандык спорт турнирине катышкандыгы жана жеңиши тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, Кыргызстан алгачкы жолу тандоо турунан өтүп, мелдештин катышуучусу болду.

"Албетте, эмоцияларды сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Биздин дебют ийгиликтүү болуп, биринчи орунга татыктуу болдук. Командада төртөбүз иштейбиз. Мен - шеф-повар, официант, сомелье жана координатор. Биздин жумуш бир ыргакта жүргөндүктөн мыкты натыйжа көрсөтө алдык, деген ойдомун, ар бирибиз өзүбүздүн фронтубуз үчүн жоопту болдук", - деди Эргашев.

Команда сахнага жалаң кыргыз ырлардын коштоосунда чыгып жатты. Кыргыз ырлары жаңырган сайын жүрөгүбүз тез-тез согуп, дем-күч алдык.

Катышуучуларга белгилүү бир сандагы ингредиенттерди камтыган "кара ящик" сунушталган. Биз ошолордун негизинде тамак-аш даярдашыбыз керек болчу.

"Сынак үчүн шоро максымдан жасалган нандын рецептин ойлоп тапкам. Калыстар тобу да, сынактын меймандары да аны татып көрүп, жогору бааларын беришти", - деп ашпозчу айтып берди.

Команда негизги басымды салт-санаага жасап, бирок бардыгын заманбап көрктөндүрүп, сунуштаган.

Эргашев ресторан тармагында 15 жылдан бери эмгектенип келет. Учурда француз ашканасынын шеф-повары болуп иштейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1027