"Разбой" тасмасына каршы арыз жазылган. Режиссёр фильмдин айланасында маек курду
RU

"Разбой" тасмасына каршы арыз жазылган. Режиссёр фильмдин айланасында маек курду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Учурда көрүүчүлөр арасында популярдуу болуп жаткан "Разбой" тасмасына каршы арыз жазылыптыр. Бул туурасында тасманын режиссёру, сценаристтеринин бири Азамат Исмаилов менен маектешкенибизде белгилүү болду.

Тасма учурда Кыргызстанда, Казакстанда көрсөтүлүүдө. Алдыда дагы бир мамлекетте көрсөтүү пландалып жатыптыр.

Тасма 4-5 окуянын негизинде көркөмдөлүп тартылды

Буга чейин комедия жанрындагы тасмаларды тартып келгенбиз. Анан командабыз менен өзгөчөлүк жасайлы, башка жанрдагы тасма тартып, тажрыйба топтойлу дедик. Бир нече теманын ичинен милициялар тууралуу тасма тартуу чечимин кабыл алдык. Кинону көргөндөр баштан-аяк бир окуя деп ойлошу мүмкүн. Бирок ал жерде 4-5 окуяны жуурулуштуруп, көркөмдөдүк. Сценарийди милиция өкүлдөрү менен кеңешип, макулдаштык.

Арыз жазып, пираттык версияны атайын таратып, бут тоскондор болду

Фильмдеги анча-мынча кемчиликтерди өзүбүз жакшы билебиз. Мунун баары шартыбыз келбей, бюджетибиз жетишсиз болгону менен байланыштуу. Сын-пикирлер дайыма болот. Бирок кээ бирлери жумурткадан кыр издегендер болду. Сөз ээсин табат, ким экенин айтпай эле коёюн. Бизге тоскоолдук кылып, бут тосуулар болду. Тилекке каршы, "Разбой" тасмасы бандитизмди пропаганда кылып жатат деп арыз жазышыптыр. Андан тышкары тасманын пираттык версиясы тарады. Биз өз ара тамашалап "Кыргызстанда, Казакстанда аншлаг болду, пираттык версиясы да аншлаг" болду деп. Адатта пираттык тасмалар көп көрүлбөйт экен. Учурда Кыргызстанда кинонун пираттык версиясын тараткандарды кармадык. Арасында зыян тийгизүү максатында, айрымдары билбестиктен таратышты. Айрымдарын кечирдик, бирок барын эле кечире бергидей "мээрим фоеду" эмеспиз да.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10280