Чүйдө микроавтобус менен жеңил унаа сүзүштү. Видео
RU

Чүйдө микроавтобус менен жеңил унаа сүзүштү. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдө микроавтобус менен жеңил унаа сүзүшүп, 4 киши жабыркады. Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан окуя кечээ, 9-февралда катталганын маалымдашты.

Белгилүү болгондой, 9-февралда саат 17:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 19,500-чакырымында жол кырсыгы катталган. Анда 1991-жылы туулган Mercedes-Benz-220 унаасынын айдоочусу катуу ылдамдыкта бара жатып, рулга ээ боло албай, каршы тилкеге чыккан. Натыйжада Mercedes-Benz Sprinter менен сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 1991-жылы жана 1978-жылы туулган эки айдоочу жана 1949-жылы туулган жана 1990-жылы туулган жүргүнчүлөр Кант шаарынын ооруканасына кайрылышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10281