Оштогу үйлөрдүн биринен Өзбекстанга алып барчу тоннель аныкталды. Видео
RU

Оштогу үйлөрдүн биринен Өзбекстанга алып барчу тоннель аныкталды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто Өзбекстанга алып баруучу жер астындагы тоннель аныкталды. УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашкандай, тоннелдин узундугу 200 метрге чейин жетет.

Белгилүү болгондой, 9-февралда Ош облусунун Кара-Суу районундагы чек ара тилкесинде мыйзамсыз аракеттерге каршы иш-чаралар жүргүзүлгөн. Анда мамлекеттик чек арага жакын жайгашкан үйдөн тоннель аныкталды.

Тоннель Түштүк Фергана каналынын астынан өтүп, Өзбекстандын аймагындагы айылдардын биринен чыгары такталды. Бийиктиги 1,5 метр, туурасы 80 сантиметрди түзөт, тепкичи бар.

Бул факты боюнча Чек ара кызматы жана УКМК тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10282