Ошто мушкерлер акча талап кылууга шектелип кармалды
RU

Ошто мушкерлер акча талап кылууга шектелип кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто мушкерлер опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды. УКМКнын маалымат кызматынан билдиришкендей, спортчулар кылмыштуу топ түзүшкөн.

Белгиленгендей, 4-февралда Ош шаарынын аймагында Н.у.М., М.Х.А. жана "Нага Грэпплинг" федерациясынын президенти К.уулу Б. жергиликтүү Н.Ш.М. аттуу тургунду жолугушууга чакырышкан. Спортчулар тургунга физикалык күч колдонуп, тамагына бычак такап, башына баштык кийгизип аны белгисиз тарапка алып кетишкен. Андан кийин темир балка менен сабап, тапанчаны башына такап, физикалык күч колдонуу жана ар кандай коркутуулар аркылуу акча талап кыла башташкан жана 10 күндүн ичинде 600 миң сом табуу талабын коюшкан.

Коопсуздук кызматкерлери тарабынан шектүү катары аралаш мушташ боюнча спортчулардан турган (К.у.Б., Х.ууулу М. жана M.X.A.) кылмыштуу топ кармалып, тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Териштирүү иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10299