Акылбек Жапаров Дубайга иш сапары менен барды
RU

Акылбек Жапаров Дубайга иш сапары менен барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акылбек Жапаров Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) иш сапары менен барды. Бул туурасында Министрлер кабинетинен кабарлашат.

Иш сапардын жүрүшүндө Акылбек Жапаров Бүткүл дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышат (World Government summit) жана "Туруктуу өнүгүүнүн максаттары аракетте", "Шыктандыруучу диалогдорду тездетүү" панелдик сессияларында сөз сүйлөйт. Мындан тышкары БАЭ жетекчилиги менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган.

Бүткүл дүйнөлүк өкмөттөр саммити 13-15-февраль күндөрү "Келечектин өкмөттөрүн түзүү" урааны астында өтөт. Иш-чарага бир катар мамлекеттердин президенттери, өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Саммиттин программасында 200дөн ашуун сессияны өткөрүү жарыяланган жана 300дөн ашуун баяндама окулат.

Саммитте сөз сүйлөгөндөрдүн арасында SpaceX, Tesla компанияларынын тең негиздөөчүсү жана башкы директору Илон Маск, Meta компаниясынын өкүлдөрү, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш бар.

Маалымат ирээтинде айта кете турган болсок, Бүткүл Дүйнөлүк Өкмөттөр саммити (БДӨС) – 2013-жылы түзүлгөн көз карандысыз жана коммерциялык эмес уюм болуп саналат, анын саммиттери жыл сайын өткөрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10307