Садыр Жапаров менен Айгүл Жапарованы Венгрияда кандай тосуп алышты? Сүрөт
RU

Садыр Жапаров менен Айгүл Жапарованы Венгрияда кандай тосуп алышты? Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров расмий иш сапар менен Будапешт шаарына барды. Аны менен кошо биринчи айым Айгүл Жапарова да барды.

Мамлекет башчынын учагы Ференц Лист атындагы эл аралык аэропортко конуп, Венгриянын президенттик администрациясынын башчысы Геркели Эклер тосуп алды.

Расмий сапардын алкагында Садыр Жапаров Венгриянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу жана башка расмий иш-чаралар пландалган.

Сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10308