"Жылаңач сүрөттөрүңдү таратам". Таксистти опузалагандар кармалды
RU

"Жылаңач сүрөттөрүңдү таратам". Таксистти опузалагандар кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда таксистке жылаңач сүрөттөрүңдү таратам деп шантаж кылганга шектүүлөр кармалды. Алар опузалап акча талап кылышкан дешет облустук ички иштер башкармалыгынан.

Башкармалыктын маалыматына ылайык, Сузак районунун 31 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арыздануучу 2022-жылдын декабрь айынын ортосунда Жалал-Абад шаарында такси кылып жүрүп, аял киши менен таанышкандыгын, ал менен социалдык тармакта сүйлөшүп жүргөндүгүн билдирген. Бул учурда аял киши "жылаңач сүрөтүңүздү жөнөтүңүз" деп сактап алып, кийин ал сүрөттөрдү интернетке таратам деп коркутуп, акча талап кылып жүргөн.

Аял өзүнүн дагы бир шериги менен акча талап кылуусун токтотпой, кийим-кече, үй-тиричилик буюмдарын алдыртып, карыздарын төлөтүп, жалпы суммасы 187 000 сом акчасын алышкан. Алар муну менен чектелип калбастан коркутуп, акча талап кылууну улантышкан.

Бул факты 10-февралда 208-берене (Опузалап талап кылуу) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектелип Сузак айыл аймагынын 1983-жылы туулган М.Н., Жалал-Абад шаарынын Курманбек кичи районунун 1987-жылы туулган Р.М. аттуу тургундары кармалган. Алардын жанынан опузалап талап кылган 15 000 сом акча жана WhatsApp социалдык тармагында жазылган видео, аудио жана текст жазуулары алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө ыплас кылмыш ишине Сузак айылдык кеңешинин депутаты 1980-жылы туулган А.А. жана Сузак районунун Сузак айыл аймагынын тургуну 1990-жылы туулган А.Б. шериктеш болуп жүрүшкөндүгү такталды.

Жалал-Абад облустук милициясы жогорудагы кылмыш ишине шектүүлөрдөн жабыр тарткандарды (03722) 5 15 12 номерине кайрылса болоорун эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10312