УКМК опузалоого шектелген депутатты кармады. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү
RU

УКМК опузалоого шектелген депутатты кармады. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар жергиликтүү кеңештин депутатын кармады. Бул туурасында коопсуздук комитетинен кабарлашты.

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан 8-февралда "Опузалап пара талап кылуу" беренеси менен жергиликтүү кеңештин депутаты, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын тургуну Ж.Ж.С. кармалды.

Ал физикалык күч колдонуп, коркутуу жолу менен жергиликтүү тургундардан системалуу түрдө акча жана башка материалдык баалуулуктарды талап кылып келген.

Кармалган жаран рейдерлик жол менен райондун аймагындагы айыл чарба жана балык чарбачылыгына убада кылган жер тилкелерин өзүнүн ишенимдүү адамдарына кайра мажбурлап каттатып, кийин ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү жолу менен басып алганы аныкталган.

Ж.Ж.С. мурда ар кандай кылмыштар боюнча бир нече жолу жоопко тартылып, 2021-жылдан бери ар кандай кылмыштуу топтордун мүчөсү катары ИИМдин маалымат борборунун каттоосунда турган.

Учурда башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу кармалган жарандын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткандар болсо 03722 56049, 03722 54961 номерлерине кайрылса болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10323