"Вечерний Бишкектин" Kaktus.media сайтына каршы доо арызы боюнча соттук отурум өттү
RU

"Вечерний Бишкектин" Kaktus.media сайтына каршы доо арызы боюнча соттук отурум өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 15-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Вечерний Бишкектин" Kaktus.media сайтына каршы доо арызы боюнча алдын ала соттук отурум болду.

Райондук сотко кайрылууга "Вечерний Бишкек" гезитинин жабылышы жана кызматкерлердин жумуштан бошотулушу тууралуу макала себеп болгон.

Доонун жалпы суммасы 50 миллион сомду түзөт. Анын 25 миллион сому журналист Диля Юсуповадан, башкы редактор Наталья Тимирбаевадан, ошондой эле негиздөөчүсү Дина Масловадан талап кылынууда. Дагы 25 миллион сомду "Вечерка" Kaktus.mediaдан өндүрүп алууну талап кылууда.

"Вечерний Бишкек" макалада басылманын жабылышы жана банкрот болушу тууралуу туура эмес маалымат берилген деп эсептейт. Компания ошондой эле маалыматты төгүндөөнү талап кылат.

Отурумга төрагалык кылган судья Жылдыз Сайдылдаева доогерден ишкананын чечимдеринин жана протоколдорунун түп нускасын талап кылган, бирок тиешелүү кагаздар берилген эмес.

"Бизде иш күндөрү - шаршемби жана бейшемби күндөрү гана. Мен аларды кийинки жолугушууга алып келем", - деп убада берди компаниянын өкүлү.

Жыйынтыгында судья Сайдылдаева соттук отурумду 28-февралга саат 15:00гө жылдырууну чечти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10342