Бишкекте бир нече маршрутканын каттамы бир айга өзгөртүлөт
RU

Бишкекте бир нече маршрутканын каттамы бир айга өзгөртүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте бир катар коомдук транспорттордун каттамы өзгөрөт. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, айрым көчөлөрдө курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлөт.

Белгилүү болгондой, Асаналиев көчөсүнүн Л.Толстой көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүндө канализация коллектору курулат.

Буга байланыштуу 19-февралдан 19-мартка чейин №222, 260, 107, 204, 227, 176, 161, 133, 136, 135, 134 кичиавтобустук каттамдарынын кыймылдары өзгөрөт.

"Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт. Ошондой эле шаар тургундарынан алдын ала альтернативдүү жолдорду тандоону өтүнөт", - дешет мекемеден.

Канализация коллекторунун курулушу "Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорунун 2-фазасынын алкагында жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10365