Садыр Жапаров кар көчкүдөн курман болгондорго байланыштуу Эмомали Рахмонго көңүл айтты
RU

Садыр Жапаров кар көчкүдөн курман болгондорго байланыштуу Эмомали Рахмонго көңүл айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго кар көчкүдөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Анын көңүл айтуусун президенттин администрациясынан кабарлашты.

"2023-жылдын 15-февралында Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда кар көчкүнүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм.

Жараткандан жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин тилейм", - деп айтылат жолдонгон көңүл айтууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10369