Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна чектөө киргизилди
RU

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна чектөө киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарында унаа жолго кар көчкү түшүү коркунучунан улам транспорт каттамдарына убактылуу чектөө киргизилди. ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, 16-февралда көлөмү болжол менен 300 метр кубду түзгөн кар көчкү түшкөн.

Маалымдалгандай, Чаек-Арал-Миң-Куш унаа жолунун 3-чакырымында (көзөмөл посту) кар көчкү түшүп, унаа жолдун бир тарабын жаап калган. Саат 22:06да жол эки тараптуу ачылган. Азыркы учурда кайрадан кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондугуна байланыштуу унаа жол убактылуу жабылды.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 302-чакырымынан 303-чакырымына чейин 5 тилкеге (Сары-Булак айылынан, Оттук айылы, Кара-Үңкүр капчыгайы) жалпы көлөмү болжол менен 10000м3 кар көчкү түшүп, жол каттамы жабылган. 17-февралда саат 00:45те унаа жолу бир тараптуу ачылган, учурда кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө. Аталган унаа жолдо кар көчкү түшүү коркунучу болгондуктан убактылуу чектөө киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10370