Жалал-Абадда апасы менен кызы чек арадан мыйзамсыз өткөн деп кармалды
RU

Жалал-Абадда апасы менен кызы чек арадан мыйзамсыз өткөн деп кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда 2 аял чек арадан мыйзамсыз өткөнгө шектелип кармалды. Облустук милициянын маалыматына ылайык, алар Өзбекстандан келишкен.

Маалым болгондой, 13-февралда Өзбекстандын Андижан облусунун тургундары 1978-жылы Э.Д. жана анын кызы 2000-жылы туулган Ю.Ш. кармалган. Алар Сузак районунун аймагынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын одоно түрдө мыйзамсыз бузуп өтүшүп, Жалал-Абад шаарында жүрүшкөндүгү такталган.

Бул факты Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, тергөө иштери жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10372